4 декарь "МАНАС" эпосунун күнү

4 декабрь «Манас» эпосунун кунуно карата окутуучу Оролбаева Мээрим Джумабаевна командалар арасында манастаануу боюнча интеллектуалдык таймаш уюштурду. Иш-чаранын максаты — жаш муундун улуттук мураска болгон кызыгуусун арттырып, Манас эпосу тууралуу билимдерин кеңейтүү болду.
Таймаш бир нече этаптан туруп, суроо-жооп, туура эмес маалыматтарды таанып-түзөтүү, үзүндүлөрдү таануу, ылакап-маани чечмелөө сыяктуу кызыктуу тапшырмалар менен коштолду. Командалар жигердүү катышып, бири-бирине татыктуу атаандаштык көрсөтүштү. Жыйынтыгында мыкты билим, чыдамкайлык жана ынтымак көргөзгөн жеңүүчүлөр аныкталып, катышуучуларга дипломдор тапшырылды. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, балдардын руханий дүйнөсүн байытууга жана Манас мурасына болгон урматын күчөтүүгө чоң салым кошту.