ААЛАМГА БАРАБАР ЖАШОО 12.12.2023
Быйыл кыргыздын чыгаан уулу, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси 12 -декабрда кеңири белгиленди. Бул күнү өлкөбүздүн бардык аймактарында жазуучунун дүйнө жүзүнө белгилүү чыгармалары даңазаланып, чыгармачылык жолу эскерилди. Маанилүү датага карата окуу жайларда, китепканаларда, мекеме-уюмдарда адабий кечелер, маданий иш- чаралар өткөрүлдү. Калың журтчулукка жазуучунун өчпөс чыгармалары боюнча тартылган кино тасмалар көрсөтүлдү.
Бул күнү биздин китепкан да четте калган жок. Окуу жайдын китепкана башчысы Аида Джумаканова жана китепканачы Бүбүра Кашкенова уюштурган интеллектуалдуу викторинанын алып баруучулары колледждин 3-хор жана 2-мейманканалык тобунун студенттери Уран Болотбеков, Данияр Керимов болушту.
Алар иш-чаранын көрүүчүлөрү - мугалимдер жамаатына жана окуучуларына Чынгыз Айматовдун феномен жараткан чыгармалары, өмүр баяны тууралуу кеңири маалымат беришти. Интеллектуалдук викторина өткөрүлүп, жазуучунун чыгармалары боюнча суроолор берилип, ага жооп тапкан жигердүү окуучулар атайын сыйлыктар менен сыйланышты.
Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата китепканада жазуучу тууралуу дубал газета даярдалып, чыгармалары боюнча китеп көргөзмөсү уюштурулду жана атактуу жазуучулардын айткан цитаталары илинип коюлду.
Жазуучунун чыгармачылыгына арналган ырларды колледждин студенттери Наздана Бакаева, Эржан Жеңишбеков, Данияр Керимов шаңдуу окуп беришти. Ал эми Бекмырза Төлөгөнов комуздун коштоосунда “Аселге кат” атуу чыгарманы аткарды. Кече кыргыз жана орус тилдеринде өттү. Соңунда, жазуучунун чыгармачылык жолун чагылдарыган видео тасма анын көрүүчүлөрүнө жакшы маанай тартуулап, Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча билимдерин тереңдетти.