О нас
Фотогалерея
Контакты
Документы
Новости
Библиотека
Республиканский
колледж
культуры и искусства
имени Насыра Давлесова
Абитуриенту
Факультеты
Преподаватели
Наши новости
15 сентября Всемирный день чистоты
14 сентября в городе Токмок проведен осенний общегородской субботник.Наш колледж принял активное участие.Был приведен в порядок закрепленный участок по ул.Дубовицкого от ул.Шамсинской до ул.Парковой.Также проведена уборка сухостоя на прилегающей территории.
23 апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү. 23.04.2024
Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө жана Ачык эшик күнүнө карата Н.Давлесов атындагы РМИК китепканасы "Китепкана декадасын" өткөрдү.Китеп көргөзмөсү,дубал гезиттер даярдалды.Ошондой эле Китепкана бөлүмү жөнүндө терең маалымат берилди.Мектеп окуучулары китептердин көргөзмөсү менен кызыгуу менен таанышты.Окуучуларга китепканага экскурсия өткөрүлдү.
Салттуу музыка жана Ачык эшик күнү. 24.04.2024
Ачык эшик жана салттуу музыка күнүнө карата Н.Давлесов атындага РМКИ фольклор бөлумү мектеп окуучуларына чоң программадагы концерт тартуулашты.Зал кыргыздын улуттук стилинде жасаланган.Концертте студенттер өз өнөрлөрүн тартуулашты.Мугалимдер фольклор бөлүмү жана колледждеги багыттар боюнча терең маалымат беришти.Студенттер комуз,темир комуз,чопо чоор,добулбас,аккордеон,гитара аспаптарында ойноп беришти.
День открытых дверей 23.04.2024
Коллективом РККИ им.Н.Давлесова была проведена большая профориентационная работа среди школ.
Итогом этой работы стал академический концерт двух циклов (Хорового 23 апреля, фольклорного 24 апреля)к Дню открытых дверей.Эстетическое оформление,плакаты,лозунги,изречения,сияющие лица студентов и школьников дополняло торжественную обстановку. Концерт был насыщенный,плодотворный,кроме этого преподавателями были проведены различные конкурсы,занимательные игры с призами и подарками.Также была дана подробная информация о жизнедеятельности колледжа и хорового отделения.По лицам присутствующих можно было увидеть восторг от увиденного.
Жаңы китептер менен таанышабыз! 26.03.24
Китепканада жаңы китептер дайыма майрам болуп саналат.Биздин китепкананын фонду жаңы китептер менен толукталды.Жаңы адабияттардын тизмесинде окуу,методикалык жана окурмандардын теңири катмары үчүн китептерди камтыйт. Сиздер үчүн китапкананын окуу залында жаңы китептердин көргөзмөсү даярдалды.
ААЛАМГА БАРАБАР ЖАШОО 12.12.2023
Быйыл кыргыздын чыгаан уулу, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси 12 -декабрда кеңири белгиленди. Бул күнү өлкөбүздүн бардык аймактарында жазуучунун дүйнө жүзүнө белгилүү чыгармалары даңазаланып, чыгармачылык жолу эскерилди. Маанилүү датага карата окуу жайларда, китепканаларда, мекеме-уюмдарда адабий кечелер, маданий иш- чаралар өткөрүлдү. Калың журтчулукка жазуучунун өчпөс чыгармалары боюнча тартылган кино тасмалар көрсөтүлдү.
Бул күнү биздин китепкан да четте калган жок. Окуу жайдын китепкана башчысы Аида Джумаканова жана китепканачы Бүбүра Кашкенова уюштурган интеллектуалдуу викторинанын алып баруучулары колледждин 3-хор жана 2-мейманканалык тобунун студенттери Уран Болотбеков, Данияр Керимов болушту.
Алар иш-чаранын көрүүчүлөрү - мугалимдер жамаатына жана окуучуларына Чынгыз Айматовдун феномен жараткан чыгармалары, өмүр баяны тууралуу кеңири маалымат беришти. Интеллектуалдук викторина өткөрүлүп, жазуучунун чыгармалары боюнча суроолор берилип, ага жооп тапкан жигердүү окуучулар атайын сыйлыктар менен сыйланышты.
Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата китепканада жазуучу тууралуу дубал газета даярдалып, чыгармалары боюнча китеп көргөзмөсү уюштурулду жана атактуу жазуучулардын айткан цитаталары илинип коюлду.
Жазуучунун чыгармачылыгына арналган ырларды колледждин студенттери Наздана Бакаева, Эржан Жеңишбеков, Данияр Керимов шаңдуу окуп беришти. Ал эми Бекмырза Төлөгөнов комуздун коштоосунда “Аселге кат” атуу чыгарманы аткарды. Кече кыргыз жана орус тилдеринде өттү. Соңунда, жазуучунун чыгармачылык жолун чагылдарыган видео тасма анын көрүүчүлөрүнө жакшы маанай тартуулап, Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча билимдерин тереңдетти.
1
2
3
4
5
›
»