ЖАШООНУН МААНИСИ - ҮМҮТТӨ ЖАНА БИРИ - БИРИБИЗГЕ БОЛГОН КОЛДООДО 25.03.2026




Колледжибизде “Суициддин алдын алуу” темада ачык класстык саат өткөрүлдү. Иш-чараны окутуучу Токоева Наргиза Нурлановна уюштуруп, студенттер менен терең мазмундуу баарлашуу жүргүздү. Ачык сабактын жүрүшүндө “Жашоонун мааниси эмнеде?” деген суроонун айланасында ой бөлүшүүлөр болуп, ар бир адамдын жашоодогу орду, максаты жана баалуулуктары тууралуу маанилүү пикирлер айтылды. Студенттер өз ойлорун эркин билдирип, бири-бирин угууга, түшүнүүгө жана колдоого үйрөнүштү. Өзгөчө көңүл бурулган жагдай – бул “Бир-бирине жылуу мамиле тартуулоо”, жылуу сөз айтуу жана кыйын учурда жанында болуунун мааниси болду. Иш-чара жаштарга жашоонун баалуулугун түшүнүүгө, позитивдүү ой жүгүртүүгө жана келечекке ишеним менен кароого дем берди.
Жашоо – бул эң чоң белек! Аны баалап, бири-бирибизге жарык маанай тартуулайлы!
Жашоо – бул эң чоң белек! Аны баалап, бири-бирибизге жарык маанай тартуулайлы!