НООРУЗ - ЖАҢЫЛАНУУНУН ЖАНА ЫНТЫМАКТЫН МАЙРАМЫ




Нооруз майрамы – бул жаратылыштын жаңылануусун, адамдардын биримдигин билдирген улуу майрам. Бул жылы майрамдык иш-чарабыз “Сармерден кыз-жигиттин оюну” аттуу аталышта жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин маданий бай мурасын, тамашалуу айтыштарын, обондорун, акындардын көркөм сөзүн көрсөтүштү. Сармерден оюну жаштардын тапкычтыгын, көркөм өнөрүн жана бири-бирине болгон сый-урматын даңазалап, майрамдын маанайын арттырды. Бул маданий иш-чаранын алкагында колледждин чыгармачылык коллективинин жетекчиси болушунун уюштурулушу жогорку деңгээлде өттү. Уюштурулган бул иш-чара студенттердин талантын ачып, улуттук маданиятты даңазалаган жана руханий дүйнөнү байыткан унутулгус майрам болду. Нооруз – биримдиктин, жакшылыктын жана жаңы үмүттөрдүн башаты. Өнөр бар жерде – улут бар. Салт бар жерде – келечек бар.