Салттуу музыка жумалыгы 25.04.2026





25 апрель салттуу музыка жумалыгы күнүнө карата Насирдин Байтемиров атындагы Токмок шаардык маданият ордосунда “Салттуу музыка жумалыгы 2026” аттуу иш- чара биздин колледждин чыгармачылык коллективинин жетекчиси бөлүмүнүн мугалимдери жана студен ттери менен биргеликте болуп өттү. Бул иш-чарада мугалимдер жана студенттер активдүү катышып улуттук өнөрдүн бай мурасын даңазалашты.Сахнада студенттер тарабынан дастан айтылып, ооз комуздун керемет добушу, күүлөрдүн терең мааниси көрүүчүлөрдү суктантты. Ошондой эле фольклордук топтун коштоосунда аткарылган ырлар иш –чарага өзгөчө көрк берип, улуттук рухту бийик деңгээлде чагылдырды. Бул иш –чра – салттуу музыкабызды сактоо, өнүктүрүү жана жаш муунга жеткирүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп калды.