ЖЕТИШКЕНДИКТЕР МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ!

2026-жылдын 14-апрелинде Н.Т.Давлесов атындагы маданият колледжинде өткөн маанилүү иш-чарада, улуу акын, драматург жана жазуучу Насирдин Байтемировдун 110 жылдыгына арналган кароо-сынагында “Эл сөзү – эл руху” аттуу сынакта катышып, жогорку деңгээлдеги аткаруучулук чеберчилигин көрсөтүштү. Бул чыгармачылык мелдеште 1-курстун студенти Абдыкеримова Бермет өз өнөрүн мыкты аткарып, 2-орунга ээ болуп, диплом жана сертификат 6000 сомдук акчалай сыйлык менен сыйланды. Ошондой эле ошол курстун студенти Карачев Эсбек да активдүү катышып, чыгармачылыкка чоң салым кошкону үчүн ыраазычылык кат жана кыргыздын улуттук комузу менен сыйланды.
14-апрель 2026-жылы Кант шаарында өткөн “Мен Кыргызстандын келечегиме сыймыктанам – 2026” аттуу Чүй облустук өспүрүмдөр аралык кароо-сынагында комуз номинациясы боюнча да ийгиликтер болду.
Чыгармачылык коллективинин жетекчиси бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Дүйшөнбекова Нурсулуу жогорку чеберчилигин көрсөтүп, 2-орунду ээлеп, диплом менен сыйланды. Ошол эле курстун студенти, Жылыкыбекова Адема да катышып, 3-орунду ээлеп диплом менен сыйланды.
Бул – жетишкендиктер студенттердин эмгегинин, талантын өнүктүрүүнүн жана окутуучулардын талыкпаган эмгегинин жемиши.
Өнөр бар жерде – ийгилик бар, эмгек бар жерде – сыймык бар!